Эверестти бутсуз багындырган казакстандык протезге турат

Эверестти бутсуз багындырган казакстандык протезге турат

Казакстандык Мария Ауэзова Эвересттин базалык лагерин багынткан алгачкы мүмкүнчүлүгү чектелген аял. Ал 14 күн бою тоого чыгып, 60 чакырымды багындырган. Азыркы учурда ал Москвадагы клиникалардын биринде 3 жумалык реабилитациядан өтүп жатат. Анда ага атайын биометрикалык протез даярдалган. Ал эми жаңы протездерге көнүүсүнө анын жубайы Мухтар Ауэзов менен машыктыруучу Вадим Цхе жардам берип жатышат. Эми альпинист бутуна турууну максат кылууда.

Мария Ауезова, Нур-Султан шаарынын тургуну:

- Мындан 1,5 жыл мурун мага Эверестке чыгарымды айтышса, мен ишенбейт элем. Ошентсе да мен баш тарткан жокмун. Сенин кыялына умтулуп жүргөн жакындарыңа да ишениш керек. Эң негизгиси көздөгөн максатка жетүү кажет.

Вадим Цхе, машыктыруучу:

- Эң башкысы – протезде турууну үйрөнүү, көз каранды болбой, мурдагы жашоого кайтуу. Кийин каалоо болсо дагы да чыгар. Бирок азырынча өз алдынча басып, жаңы жашоого көнүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков