Junior Eurovision ыр сынагына тандоо башталды

Junior Eurovision ыр сынагына тандоо башталды

Junior  Eurovision ыр сынагынын Улуттук тандоосуна арыздарды кабыл алуу башталды. Эң башкы шарттардын бири - өз өнөрүн сынап көргүсү келген балдар 9 жаштан 14 жашка чейин болушу керек. Арыздар jevision.khabar.kz сайтында аяк оона айынын 29нан тогуздун айынын 6на чейин кабыл алынат. Белгилей кетсек, улуттук тандоо быйыл да онлайн форматында өтөт.

Аида Тлеухан, продюсер:

- Биздин кийинки этап тогуздун айынын 7де болот, анда калыстар тобу келип түшкөн бардык арыздардын ичинен 30 талапкерди тандайт. 30 талапкер тогуздун айынын 8нен 12си аралыгында jevision.khabar.kz сайтына жайгаштырылат. Көрүүчүлөр Улуттук тандоонун финалына өтө турган 30 талапкердин 10ун аныкташат. Ал эми тогуздун айынын 12де Хабар каналынын түз эфиринде кечке саат 21:30да Улуттук тандоонун финалына чыккандарды түз эфирде аныктайбыз. Жетинин айынын 6-күнү болсо Хабар телеканалынын түз эфиринде Улуттук тандоонун финалы өтөт жана ошол жерде Казакстандын атынан, өлкө намысын коргой турган финалистти аныктайбыз.

Быйыл Junior Eurovision ыр сынагынын финалы Франциянын борбору Парижде салттык форматта өтөт. Европанын эң белгилүү ыр сынагына 19 өлкө өз өнөрпоздорун жиберет. Айта кетсек, «Хабар» агенттиги эл аралык долбоорду 2016-жылдан бери колдоп келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков