Жол курулушундагы казакстандык нанотехнология

Жол курулушундагы казакстандык нанотехнология

Жол курууга арналган Казакстан нанотехнологиясы. Ата мекендик окумуштуулар өлкөдөгү жаңы төшөлгөн кара чыйырдын курамына көмүр күкүмүн кошууну сунуштап жатышат. Ойлоп табуучу авторлордун айтымында, бул инновациялык ыкма жолдун физикалык касиеттерин гана өзгөртпөстөн, башкача айтканда, анын сапатын жакшыртат, ошону менен бирге акчаны үнөмдөйт. Анткени уникалдуу өнүмдүн Казакстандык үлүшү 100%ды түзөт. Ага шагыл, кум, минералдык кошулмалар - жергиликтүү чийки зат керектелет. Жаңы комбинацияланган нано-күкүм жергиликтүү кен жайларынан чыккан катуу отундан алынат. Ал үч баскычтуу технология менен талкаланат.

Багдат Телтаев, «Казжол ГЗИ» АК президенти:

- Биринчиси - механикалык тегирменде майдалоо, андан кийин аэродинамикалык ыкма менен дагы бир ирет майдалоо, үчүнчү этап - электромагниттик талаа ыкмасы менен майдалоо. Ошентип, биз битумга жер нано күкүмүн коштук. Биз бул жерде чоң масштабдуу эксперимент өткөрдүк. Башкача айтканда, биз битумдун салмагы боюнча 05 жарым пайыз битумдун салмагы боюнча 2 пайызга чейин коштук. 05% кошкондон кийин кадимкидей жыйынтыкка жетиштик. Биз эки пайызды кошкондо жыйынтык абдан жогору болду. Мына ушинтип Казакстанда биринчи жолу ата мекендик нанобитумду алдык.

Жаңы үлгүнүн колдонуудагы кара чыйырга караганда көптөгөн артыкчылыктары бар. Казакстандын суук жана ысык аба ырайына чыдамдуу. Абдан күчтүү жана тыгыз асфальтка суу аз сиңет. Бул аны кышында жарылып кетүүдөн коргойт. Кызмат мөөнөтү да узартылды. Учурда окумуштуулар аны ири өндүрүш жолуна салуу үчүн атайын түзүлүштөрдү иштеп чыгууга белсенүүдө.

Багдат Телтаев, «Казжол ГЗИ» АК президенти:

- Бул багытта мындан ары нанопорошокторду өндүрүү технологиясын өркүндөтүү максатында эки ойлоп табууга сунуштарды даярдап жатабыз. Бирөөсүн механикалык тегирменге буйрутма берип койдук. Азыр электромагниттик түзүлүштүн дагы бир жакшыртылган түрүн ойлоп таап, ага биздин авторлор макулдук берип, бүгүнкү күндө сунуштама берип жатабыз.

Долбоор Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы жолдордун пилоттук участокторунда сыноодон өтөт. Жыйынтыктар жыл сайын талданып турат. Ойлоп табуунун авторлору нанобитум сыноодон өтөрүнө ишенишет. Андыктан, жакын арада өлкөдө жол куруунун жаңы стандарттары киргизилери толук ыктымал.

Которгон: Илгиз Жамалбеков