Казакстан маданияты Кембриджде тааныштырылды

Казакстан маданияты Кембриджде тааныштырылды

Казак домбрасы Кембриджде чертилди. Казакстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өнөрпоздор Фицуильям музейинде өткөн «Улуу талаанын алтыны» көргөзмөсүнүн алкагында өнөрлөрүн тартуулашты. Анда Чыгыш Казакстан облусундагы байыркы сактардын көрүстөндөрүнөн табылган алтын буюмдар тааныштырылды. Негизинен бул жерде англис күжүрмөндөрүнүн курал-жарактары жана сейрек кездешкен орто кылымдардагы экспонаттар коюлган. Бирок галерея бир саамга казак тарыхынын жана искусствосунун борборуна айлангандай. Өнөрпоздордун концерти эртеси күнү эшиктеги чатырдын астында уланды. Кембридж тургундары ырларды жана күүлөрдү тыңдай алышты.

Айбек Бекбосын, Күүчү-Композитор, Чыгыш Казакстан облусу филармониясынын мүдүрү:

- Жергиликтүү искусствону сүйгөн жана казактар айткандай, өнөрдү сүйгөн бул өлкөнүн жарандары ичкен ашын жерге коюп, домбрага кызыгуучулук таанытып жатат. Бул дегенибиз казак элинин максаттарынын бири деп ойлойм. Кантсе да, казактын касиеттүү кара домбрасы бүт дүйнөнү багындырса деген тилегибиз.

Никола Харрисон, Кембридж тургуну:

- Мен бүгүн көргөзмөгө баргым келди. Бирок эл абдан көп болгондуктан кирүүгө мүмкүн болгон жок. Анын ордуна сиздердин музыканы угуу урматына ээ болдум жана мага абдан жакты. Бул улуттук үндү угуп отуруп, тез эле интернетке кирип, анын домбра экенин билдим. Эми аспапты колума кармап көрүп, анын укмуш экенине көзүм жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков