Казакстан менен АКШ коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты арттырууга ниеттенүүдө

Казакстан менен АКШ коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты арттырууга ниеттенүүдө

Казакстан менен АКШ коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты арттырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу АКШнын Казакстандагы элчиси Уильям Мозер өлкөдө ишин аяктоого арналган тегерек столдун жүрүшүндө билдирди. Спикер эки тараптын башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп өттү. Мисалы, америкалык фермерлер өз технологиялары менен бөлүшө алышат. Бул жергиликтүү айыл чарба товарларын эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Уильям Мозер ошондой эле, казак өнүмү чет элдик керектөөчүлөрдүн жүрөгүн багындырарына ишеним артат. «Казакстанда жасалган» товарлар айрыкча АКШда суроо-талапка ээ болушу мүмкүн, дейт.

Уильям Х. Мозер, АКШынын Казакстандагы элчиси:

- Учурда казак товарларын АКШдан табуу мүмкүн эмес. Бирок мен муну Казакстан үчүн тескерисинче мүмкүнчүлүк деп айтаар элем. Экономиканын мындай тармактарын өнүктүрүүгө жана эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды чыгарууга болот. Казакстан өзүнүн артыкчылыктары бар тармактарды тандап, мындай товарларга басым жасашы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков