Казак радиосуна – 100 жыл

Казак радиосуна – 100 жыл

Быйыл казак радиосунун түптөлгөнүнө туура 100 жыл. Алаш Арысы Ахмет Байтурсынулынын демилгеси менен республикалык радио биринчи жолу 1921-жылы тогуздун айынын 1де Оренбург шаарынан ободон жаңырган. Мааракенин урматына маалымат каражатынын Алматыдагы имаратында мемориалдык такта ачылып, анын жанындагы аялдамага «Казак радиосу» аты берилди. Кылымдар бою элди таң атпай ойготуп келе жаткан казак радиосунда Амире Кашаубаев, Ахмет Жубанов, Шакен Айманов, Ануарбек Байжанбаев, Шамшы Калдаяков, Мукагали Макатаев, Эрмек Серкебаев сыяктуу бир катар инсандар эмгектенишкен. Алардын добуштары менен обон созгон ырлары «Алтын фонддо» сакталып турат.

Кымбат Абилда Кызы, Казак радиосунун ардагери:

- Бүгүн жүрөк жылыткан кубаныч. Казак радиосу - улуттун үнү. Бул кечээкибиз, бүгүнкүбүз жана эртеңки казак радиосу. Казак радиосунда жүзүбүз көрүнбөсө да, бүткүл жүрөгүбүз көрүнөт.

Радионун бай мурасы 100 жыл бою топтолду. Жүз миңдеген адабий жана музыкалык программалар миллиондогон угармандарды чогултту. Алтын фонд - радионун негизги байлыгы. Ошол эбегейсиз архив иргелип, санариптештирилип жатат.

Татьяна Жандильдина, «Мосты» немис программасынын алып баруучусу:

- Бүгүнкү күндө казак радиосу улуттар аралык биримдиктин жана ынтымактын уникалдуу моделинин лидери болуп саналат. Биздин улуттар аралык программаларыбызды Германияда, Швейцарияда, Австрияда, Казанда, Азербайжанда жана Үрүмчүдө орус жана казак тилдеринде угушат. Ошондой эле, бизге жылуу саламдарын да жолдоп турат. Ошондуктан, биздин радио бардык учурда легендага айланган деп эсептейм.

Мааракелик иш-чаранын жүрүшүндө Алматыдагы Улуттук китепканада радионун тарыхына арналган көргөзмө уюштурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков