Италия: Казакстандык дизайнерлер мода жумалыгына катышты

Италия: Казакстандык дизайнерлер мода жумалыгына катышты

Казакстандыктар Италиянын Милан шаарында өткөн жогорку мода жумалыгында. Ата мекендик дизайнерлер 2022-жылдын жаз-жай мезгилине арналган кийимдердин үлгүлөрүн сунушташты. Нео-фольклор стилиндеги мода коллекциясы татаал европалык көрүүчүлөрдү таң калтырды. Чеберлер казак элинин көп кылымдык салттарын заманбап мода тенденциялары менен мыкты айкалыштырышкан. Спектакль Курмангазынын күүлөрүнүн коштоосунда өттү. Ошондой эле, казак делегациясы Жамбыл облусунун туристтик дараметине арналган көргөзмө уюштурду.

Жалгас Муртаза, Жамбыл облусу акимчилиги туризм башкармалыгынын жетекчиси:

- Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай аймак башчысы Бердибек Машбекулынын колдоосу менен Миландын дүйнөлүк мода жумалыгына казак бренди катышууда. Аталган мода жумалыгынын алкагында биз Жамбыл облусунун туристтик дараметин жогорулатуу, Европа өлкөлөрүнө жарнамалоо үчүн көргөзмө уюштурдук. Бул иш-чара Европа өлкөлөрү менен туризм жаатында байланыш түзүүгө жана биздин аймактын туристтик дараметин мындан ары арттырууга өбөлгө болот деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков