ТҮРКПА жыйыны: Түркестан декларациясы кабыл алынды

ТҮРКПА жыйыны: Түркестан декларациясы кабыл алынды

Түрк дүйнөсүнүн бир нече багытта өз ара кызматташуусу жана интеграциясы жанданат. Бул Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын X пленардык жыйынында кабыл алынган Түркестан Декларациясынын максаты болуп саналат. Стратегиялык документтин маанилүү пункттары өлкөдөгү Президенттин саясий реформаларын колдоого, коопсуздукту чыңдоого, COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен каршы күрөшүүгө багытталган.

Буга кошумча, ТүркПАнын алкагында мыйзам долбоорлору боюнча мындан аркы иштөөнүн беш жылдык планы сунушталды. Биринчи кезекте кибер чабуулдарга каршылык көрсөтүү механизмин карап чыгуу үчүн документ кабыл алынат. Тараптар өлкөдө ачылган Түркестан телеканалынын маалымат таратуу мейкиндигин кеңейтүүнү жана аны бардык түрк өлкөлөрүнө жеткирүүнү макулдашты. Белгилей кетсек, мүчө мамлекеттер келерки жылы 11-пленардык жыйынды Кыргызстанда өткөрүүгө макул болушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков