Пандемия ЖМКны санариптештирүүнү тездетти

Пандемия ЖМКны санариптештирүүнү тездетти

Дүйнөлүк пандемия маалымат каражаттарын санариптештирүүнү тездетти. Бул тууралуу Аstana Media Week жумалыгынын алкагында коронавирустан кийинки дүйнөдөгү коом жана маалымат каражаттары темасында өткөн талкуу учурунда айтылды. Нур-Медиа Холдингинин башчысы Болат Кальянбеков бул тенденция маалымат каражаттарында ачык чагылдырылганын билдирди. Мисалы, гезиттердин тиражы 30%га чейин кыскарды. Чек аралардын жабылышы жана чектөөчү чаралардын натыйжасында кагаздын кымбаттоосу, жалпысынан типографиялык кызматтардын баасынын 15%га өсүшүнө алып келди. Акыркы беш жылдын ичинде жалпы жарнама рыногунда басма сөз каражаттарынын үлүшү эки эсеге кыскарды. Туңгуюктан чыгуунун жолу интернет аркылуу жайылтуу болду. Кээ бир учурларда өсүш жети эсеге чейин жетти. Деген менен маалымат тез тараганына карабай, алардын аналитикалык касиети жоголуп баратат, дейт серепчи.

Болат Кальянбеков, «Нур-Медиа» холдингинин башчысы:

- Албетте, жалпыга маалымдоо каражаттары таптакыр жоголот деп айтуу азырынча эрте. Алардын өзүнүн туруктуу окурманы бар. Ошол эле учурда, бир гана басма кызматы маалымат таратуунун ылдамдыгы, ошондой эле, анын операциялык касиеттери жөнүндө кабар булагы болуу сыяктуу актуалдуулугун жоготуп жатканын түшүнүү керек. Бирок алар болуп жаткан нерсени тереңирээк түшүнүү жагынан маанисин сактап калышат. Бул ар кандай интервьюлар жана аналитикалык материалдар. Ал ар дайым суроо-талапка ээ. Башкача айтканда, интернетте жеткирүү кыйын, ал эми аны басмада оңой эле ишке ашырса болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков