Казактын байыркы уламыш-жомоктору комикстерге айланды

Казактын байыркы уламыш-жомоктору комикстерге айланды

«Енлик-Кебек», «Естай-Корлан», «Козы Көрпеш-Баян Сулуу», «Жумбактас», «Айша биби», «Шайтанкөл» , «Балкаш». Бул казак талаасынын кылымдар бою муундан муунга өтүп келе жаткан уламыш-жомоктору. Эми аларды Нурсултан Назарбаев фондунун алдындагы Мамлекеттик тилдерди өнүктүрүү фонду заманбап форматка - тагырагы комикстерге айлантты. «Улуу Талаанын уламыштары» деген ат менен жарык көргөн комикстер эки тилде, келечекте англис тилинде дагы көпчүлүккө сунушталат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун мүдүрү Азат Шауеевдин айтымында, комикстер жаш муундун көңүлүн казак элинин маданий жана тарыхый мурастарына буруу үчүн даярдалды.

Азат Шауеев, Нурсултан Назарбаев алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун мүдүрү:

- Белгилүү болгондой, бул комикстер, мисалы, Энлик Кебек, Козы Көрпеш Баян Сулуу деген Улуу Талаанын жети махабат баяны, биз жети махабат тууралуу комиксти чыгардык. Биздин адистердин баары ошол уламыштарды окуп чыгышат. Кээ бирлери Алпамыс батыр эпикалык поэмалары 80-90 беттен турат. Аны окуп, казак тилинде кыскача маалымат иштеп чыгат. Бул жаштарга түшүнүктүү болуу үчүн. Андан кийин өзүбүздүн жаш казак сүрөтчүсү балдар менен кыздардын мазмунун окуп, кооздоп сүрөт тартат. Биз аны комикс, китепче катары кылып чыгарып жатабыз. Китепчелерибиз азырынча эки тилде.

Айта кетсек, бет ачар учурунда комикстер желеси боюнча тартылган фото-сүрөттөр көргөзмөсү көпчүлүктүн назарына сунушталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков