Түрк кеңеши министрлери Ооганстан маселесин карады

Түрк кеңеши министрлери Ооганстан маселесин карады

Казакстан Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча түрк өлкөлөрү менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Стамбулда Ооганстандагы кырдаал боюнча Түрк Кеңешинин атайын жыйынында билдирди. Анын айтымында, Казакстан Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык аракеттерге, өзгөчө гуманитардык чөйрөдө жана БУУнун борбордук координациясынын ролунда өз салымын кошууну улантат. Түрк Кеңешинин кезексиз жыйынында тараптар терроризмдин жайылышынын, курал-жарактын жана баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн, мыйзамсыз миграция жана качкындар агымынын тобокелчиликтерин эске алуу менен кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү зарылдыгын белгилешти. Жолугушуунун соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков