Улуу Британияда «Улуу талаа алтыны» көргөзмөсү ачылды

Улуу Британияда «Улуу талаа алтыны» көргөзмөсү ачылды

Улуу талаа алтыны. Дал ушундай аталыш менен Улуу Британиядагы Кембридж университетинин Фицу-Ильям музейинде Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмө ачылды. Ага биздин заманга чейинки VIII-III кылымдарда Борбордук Азияда, тактап айтканда Казакстандын Алтай тоо системасында үстөмдүк кылган скиф цивилизациясынын экспонаттары, сак мүрзөлөрүнөн табылган баалуу экспонаттар коюлду. Көргөзмөнүн конокторуна Берел, Шиликти жана Елеке Сазы сыяктуу үч башка көрүстөндөн чыккан жүзгө жакын археологиялык табылгалар да сунушталган. Ал эми алардын ичиндеги эң баалуу экспонаттардын бири - кийими 15 миң алтын буюмдан жасалган «Алтын адам».

Люк Сайсон, Фицу-Ильям музейинин мүдүрү:

- Бул Улуу Британияга жана албетте бүткүл дүйнөгө Казакстандын байыркы маданиятын таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Менимче, бул дүйнө тарыхын кайра жаза тургандай тарыхый кырдаал. Далай сырга толгон археологиялык казууларды изилдөө менен бирге көптөгөн илимий ачылыштарды бирге ачабыз деген ойдомун.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү археологдор британиялык кесиптештери менен бирге дөбөлөрдөн табылган артефакттарды изилдеп жатышат. Кембридж университетинин Макдональд археологиялык изилдөө институтунун окумуштуулары жаңы технологияларды колдонуу менен уникалдуу экспонаттардын сырларын ачып жатат.

Ребекка Робертс, көргөзмөнүн куратору:

- Биз микроанализдерди жасайбыз. Заманбап микроскоптун жардамы менен байыркы сактар кандай технологияларды колдонгонун жана кол өнөрчүлүк буюмдарын кантип жасаганын изилдей алабыз.

Белгилей кетсек, мындай уникалдуу алтын буюмдар европалык аудиторияга биринчи жолу сунушталды. Аларды британиялык маалымат каражаттары эл аралык археологиялык сенсациялар деп аташкан. Экспозицияны келерки жылдын үчтүн айынын 30на чейин көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков