«Алтын-Эмель» аймагын ак илбирстер мекендейт

«Алтын-Эмель» аймагын ак илбирстер мекендейт

Алматы облусундагы Алтын-Эмель мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын аймагында ак илбирстер мекендей турганы белгилүү болду. Илимпоздордун айтымында, бул өзгөчө учур. Буга чейин илбирстер деңиз деңгээлинен 4000-5000 метр бийиктикте гана жашайт деген тушүнүк болгон. Фото-капкандын жардамы менен алар 1000-1200 метрге чейин түшкөнү белгилүү болду. Белгилей кетсек, фото-капкан бир ай мурун коюлган. Ага мышык сымал жаныбарлардын бир тобу түшкөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков