«Бабалар изи менен» экспедициясы: жоокерлердин эрдиги

«Бабалар изи менен» экспедициясы: жоокерлердин эрдиги

«Бабалар изи менен» илимий экспедициясы Орусияда. Бул коңшу мамлекет менен көптөгөн тарыхый байланыштар бар. Маалыматтарга караганда, француз императору Наполеон Бонапарт Москвага багыт алганда, орус армиясы душмандын мизин кайтарууга даярданып жаткан. Бул согушка эки тараптан тең 260 миңге жакын аскер катышып, алардын арасында казакстандыктар да болгон. Бүгүнкү күндө анын көрсөтмөсү Бородино шаарындагы музей-корукта сакталып турат.

Анна Хватова, «Бородино» музей-коругунун кызматкери:

- Музейибиздеги эң баалуу экспонаттардын бири – Мамлюк кылычы. Тарыхтан белгилүү болгон Наполеон Бонапарттын жеке күзөтү жалаң мамлюк аскерлеринен турган. 1798-жылы Египетке жасаган жортуулунан кийин, ал дайыма Мамлюк аскерлерин өзү менен кошо ала жүргөн. Бул экспонат Экинчи дүйнөлүк согушка чейин жүргүзүлгөн казуу иштери учурунда табылган. Ошондуктан музейдеги эң баалуу жана эң эски экспонаттардын бири болуп эсептелет.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Бородино талаасынын жанындагы Волоколамск шоссесинде кандуу кыргын болгон. Бул жерде улуттук баатыр Бауыржан Момышулынын эрдиги эскерилет. Ошондуктан даңктуу баатырдын эстелиги Волоколамск шаарындагы Баатырлар аллеясына коюлган.

Сапар Ыскаков, «Бабалар изи менен» илимий экспедициясынын жетекчиси:

- Волоколамск шоссеси - түз Москвага алып барчу. Эгерде Волоколамск трассасы тийиштүү түрдө корголбогондо, немис танктары дароо Москвага бастырып кирмек. Мына ушундай стратегиялык багыттардын бири Бауыржан Момышулы атабыздын батальону болгон. Ал кезде батальон 3-4 жолу курчоодон бардык жол менен аман-эсен куткарылган. Бул баарынын эле колунан келе бербейт. Ошон үчүн анын аскердик тактикасы айрым чет элдик университеттерде жоокерлерди даярдоого дагы эле киргизилген. Мага өзгөчө Момышулынын тактикасы жагат.

Бүгүнкү күндө Москваны коргоо үчүн душманга каршы согушкан ата-бабалардын ысымдары элдин эсинде түбөлүккө сакталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков