Нью-Йоркто Семей полигонунун жабылышына арналган көргөзмө ачылды

Нью-Йоркто Семей полигонунун жабылышына арналган көргөзмө ачылды

БУУнун Нью-Йорктогу штаб-кеңсесинде Семей полигонунун жабылышына арналган көргөзмө ачылды. Анда адамзаттын ядролук сыноолордон тарткан азабын чагылдырган фото-сүрөттөр коюлган. Ошондой эле, Эл Башы Нурсултан Назарбаевдин полигонду жабуу жөнүндө 1991-жылдын баш оона айынын 29дагы Жарлыгынын көчүрмөсү көрүүчүлөргө сунушталды. Иш -чаранын катышуучулары Казакстандын өзөктүк куралдан баш тартуусу башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин дагы бир жолу белгилеп өтүштү.

Мелисса Флеминг, БУУнун баш катчысынын глобалдык коммуникациялар боюнча орун басары:

- Мындай көргөзмөлөр абдан маанилүү. Анткени мындай иш-чаралар ядролук сыноолордун адамзатка жана айлана-чөйрөгө тийгизе турган зыянын ачык көрсөтүп турат. Казакстан куралдан баш тартуу менен башка өлкөлөргө үлгү көрсөттү.

Изуми Накамицу, БУУнун баш катчысынын куралсыздандыруу маселелери боюнча орун басары:

- Мага көргөзмө өзгөчө таасир калтырды. Жалпысынан Казакстан тарабынан Семей полигонунун жабылышы - бул тайманбас чечим. Бул демилге дүйнөлүк коомчулукта көп талкууга алынат. Келечекте Казакстан менен бирге өзөктүк куралсыздануу жолунда тажрыйба алмашып, бирге иш алып барабыз деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков