Мустафа Өзтүрк атындагы парк ачылды

Мустафа Өзтүрк атындагы парк ачылды

Стамбул паркына Мустафа Өзтүрүктүн ысымы берилген. Жаңы объект Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк казактар курултайынын алкагында ачылды. Парк мекендештер эң көп топтолгон Багжилар районунда жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстан менен Түркияда таэквондону өнүктүргөн Мустафа Өзтүрктүн жашоосу тууралуу баяндалып, спортчунун сүйгөн ырларынан куралган сахналык спектакль тартууланды. Ошондой эле жаш таэквондочулардын спорттук чеберчилиги көрсөтүлдү.

Алим Байел, Казакстандын Стамбулдагы башкы консулу:

- Ал киши Казакстан эркиндик алганда мекенине кайтып келген. Мекенге жана элге кызмат кылуу үчүн. Аны төмөнкү сөздөрдөн байкоого болот. Мен дүйнөнү көрдүм. Анан өлкөмдү көрдүм. Эмнесин айтайын. Айырмасы чоң. Ошондуктан элиме журтума кызмат кылуу үчүн Казакстанда калдым деген сөзүнөн эле анын улутка деген чоң махабатын байкоого болот.

Неслихан Өзтүрк, Мустафа Өзтүрктүн кызы:

- Мен парктын кире беришинде атамдын атын окуп, кубандым. Атам экөөбүз ушул жерде туулуп өскөнбүз. Стамбулдагы казактардын көбү ушул жол менен жүрүшөт. Атамдын ысымы Гунешлиде түбөлүк сакталарына абдан кубанычтамын. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков