Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин курултайы 2022-жылы өтөт

Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин курултайы 2022-жылы өтөт

Казакстандын борборунда дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайы өтөт. Борбордогу жетинчи ирет уюштурулуп жаткан жыйын 2022 -жылга мерчемделген. Ага 70 өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу диндер аралык жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү боюнча Н. Назарбаев борборунун башчысы билдирди. Болат Сарсенбаевдин айтымында, курултайдын күнү такталууда. Анын убактысы тогуздун айынын башында 20 өлкөнүн түрдүү конфессияларынын өкүлдөрү катыша турган Курултай катчылыгынын жыйынында аныкталат.

Болат Сарсенбаев, диндер аралык жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү боюнча. Н. Назарбаев борборунун башкарма төрагасы:

- Тогуздун айында Нур-Султанда Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлери курултайынын катчылыгынын жана жумушчу топтун 19-отуруму өтөт. Жолугушуу оффлайн форматта өтөт деп айтууга болот. Себеби, катчылыктын чет элдик мүчөлөрүнүн көпчүлүгү, башкача айтканда 18и Нур-Султан шаарына келүүгө макул болушкан. Катчылыктын 7 мүчөсү онлайн-режиминде болот. Отурум Казакстан Республикасынын Парламенти Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевдин жетекчилиги астында өтөт.

Белгилей кетсек, борбордо боло турган жолугушууда диний саммиттин убактысы, ошондой эле анын программасы, күн тартиби жана иш регламенти аныкталат. Бул пандемияга байланыштуу глобалдык сынчылар жана адамзат үчүн өзөктүү маселе болот. Курултай 2003-жылдан бери республиканын борборунда өткөрүлүп келет. анда Казакстан ортомчу болуп, конфессиялардын лидерлерин кызматташууга чакырат. Жыл сайын анын кадыр-баркынын өсүшү менен бирге катышуучулардын саны да артып келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков