Сенат Каспий деңизин коргоого байланыштуу документ кабыл алды

Сенат Каспий деңизин коргоого байланыштуу документ кабыл алды

Каспий деңизинин булганышын алдын алуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо. Сенат Каспий экологиясын коргоо боюнча документти жактырды. Деңизде комүр суутек чийки затынын ири корлорунун болушу суу сактагычтын экологиялык көйгөйүн актуалдуу кылат. Буга байланыштуу экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри кызматташуунун укуктук негиздери кеңейтилээрин жана айлана-чөйрөгө таасирди баалоонун белгиленген эрежелерин кабыл алууга өзгөчө көңүл буруларын айтты. Сериккали Брекешевдин айтымында, протоколдо жөнгө салынуучу иштин түрлөрү аныкталды. Мисалы: мунайды кайра иштетүүчү заводдор, кубаттуулугу 300 МВт же андан жогору жылытуучу электр станциялары, башка күйүүчү станциялар, атомдук электр станциялары жана атомдук реакторлор, унаа жолдорду куруу жана модернизациялоо сыяктуу кызмат түрлөрү. Анын жоболорун ишке ашыруу үчүн ушул жылдын теке айында күчүнө кирген өлкөнүн жаңы Экологиялык кодексинде трансчекаралык экологиялык таасирди жөнгө салууну, аларды ишке ашыруунун тартиби, укуктары жана милдеттери бекитилген.

Маулен Ашимбаев, РКнын парламенти сенатынын төрагасы:

- Каспий деңизи биздин өлкө үчүн чоң социалдык жана экономикалык мааниге ээ. Андыктан анын экологиялык абалы дайыма биринчи орунда. Ошону менен бирге, биз бүгүн кабыл алынган мыйзам деңиз суусунун жана жээктин булганышынын алдын алууга, анын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков