Улуттук музейде «тынчтыктын орду» аттуу уникалдуу көргөзмө ачылды

Улуттук музейде «тынчтыктын орду» аттуу уникалдуу көргөзмө ачылды

Ата мекендик жана чет өлкөлүк чеберлердин эмгектери бир экспозицияда. Борбор калаанын Улуттук музейинде тынчтык орду аттуу көргөзмөсү ачылды. Атактуу сүрөтчү-пацифист Гонсало Мабунданын Так жана Маска аттуу чыгармалары көргөзмөнүн чордонуна айланды. Чыгармалардын негизги өзгөчөлүгү - алардын курал калдыктарынан жасалышы. Сүрөтчү автомат, патрон, гильзаларды, тагырагы Мозамбиктеги 16 жылдык жарандык согушунун калдыктарын пайдаланган. Кошумчалай кетсек, көргөзмөгө 25тен ашык казак жана чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Алардын арасында Айша Галимбаева, Амандос Аканаев, Абдрашит Сыдыханов жана башка улуттук искусствонун каармандары бар. Иш-чара адамзат тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бирине - Семей ядролук полигонунун жабылышынын 30 жылдыгына арналган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков