XVIII кылымга таандык эски мечиттин орду табылды

XVIII кылымга таандык эски мечиттин орду табылды

18-кылымга таандык мечиттин орду Батыш Казакстан облусунан табылды. Археологдор бул жерден күйгүзүлгөн кызыл кирпич менен кошо карапанын сыныктарын да табышты. Илимпоздордун айтымында, байыркы мечит имаратынын туурасы болжол менен 10 метр, ал эми узундугу 27 метрге жакын, дубалынын калыңдыгы 80 см. Деген менен алардын көп бөлүгү жер астында жайгашкан. Казуу иштерин жергиликтүү тарыхчы Мурат Калменов жана анын шакирттери жүргүзүшкөн. Окумуштуу мечиттин ачылышы жөн жерден эмес экенин айтат. Кээ бир байыркы жазууларда жана документтерде диний объект жөнүндө көп айтылат. Учурунда объект атайылап буздурулган деген болжом бар.

Мурат Калменов, тарых илимдеринин кандидаты:

- Ал самандан жана кызыл кирпичтен жасалган. Бирок анын сырты ак кирпич менен капталган, мындайча айтканда фасады. Балким, ошол сырткы көрүнүшү ак көрүнгөндүктөн, жергиликтүү эл аны Акмечит деп атаган болушу мүмкүн.

Ошондой эле, бул аймакта мечит менен кошо 200гө жакын курулуш объектиси болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Башка интеллект коомунун өкүлдөрү бул божомол чындыкка жакын экенин айтышкан. Анткени, жазуучу Хамза Эсенжановдун Акжайык үчилтигинде кездешкен цивилизация борборунун географиялык сүрөттөлүшү жагынан дал ушул аймакты чагылдырып турат.

Нурлан Садир, журнал редактору:

- Мен дал ушундай деп айтпаганым менен, колдо бар маалымат муну көрсөтүп турат. Анткени дарыянын жайгашкан жери жана башкасы буга далил. Мында Абу Бакр Кердери ушул жерде билим алып, башында ушул жерде илим жыйнаган деп айтылат. Ушул жагынан баалуу. Ал эми колдо бар маалыматтарга караганда, ушул кезге чейин региондо жалгыз орун деп айтууга болот. Ачарчылыктан каза болгондордун сөөгү коюлган жер - бул Акмешит көрүстөнү. Бир чуңкурга көптөгөн адамдар көмүлгөн.

Тарыхый аймак ушул күнгө чейин терең изилдөөлөрдү талап кылат. Археологдор алдыдагы убакытта дагы баалуу экспонаттар табыларына ишенишет. Ошондой эле келечекте көрүстөндү ачык асман алдындагы музейге айландыруу аркылуу тарых менен туризмди айкалыштырса болорун айтышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков