Ирандан Казакстанга 20 үй-бүлө көчүп келди

Ирандан Казакстанга 20 үй-бүлө көчүп келди

Ирандан Казакстанга 20 үй-бүлө көчүп келди. Алар өлкөнүн түндүгүндөгү үч калктуу конушка – Есил районундагы Петровка менен Николаевкага, ошондой эле Шал акын районундагы Сергеевка айылына отурукташты. Ата-мекенди эңсеп келген мекендештер туруктуу жашаган жерине жетпестен мурун Ирандан Актауга чейин, Актаудан Нур-Султанга чейин жана ошол жерден түндүктө карай узак жолду басып өтүштү.

Нажиб Казак, мекендеш:

- Сезимдер күчтүү, сонун. Кубанып турам. Мен өз жеримди көрүп, ата-бабаларымдын өлкөсүнө келгениме абдан кубанычтамын. Жубайым да абдан кубанып жатат. Андан кийин буюрса бул жерде калган өмүрүмдү ушул жерде өткөрүүнү чечтим. Кубанычымда чек жок.

Ата мекенге кайтып келгендердин кийинки милдети – Казакстандын жарандыгын алуу жана жумуш табуу. Кээ бирлери жеке бизнесин баштоону мерчемдеп жатышат. Казак тилин жакшыртууну каалагандар үчүн атайын курс окутулат.

Едил Туткышев, Есил району акиминин орун басары:

- Мекендештерибиз мамлекеттик Эмгек программасына тартылып жатат. Ар бир үй-бүлөгө 204 миңден субсидия берилет. Ал эми 500 миңден ашуун гранттык жардам биринчи жардам үчүн жеткиликтүү болот.

Арман Сүйіндиков, бүткүл дүйнөлүк казактар бирикмесинин СКОФ жетекчиси:

- Учурда Иранда 10 миң казак-этникалык казак жашайт. Анда 1500 үй-бүлө бар. Ал эми шаарда көптөгөн казактар жашайт. Горган менен Буржи сыяктуу шаарларда жашашат. Алар келгилери келеби? - Ооба, буюрса.

Иш менен камсыз кылуу жана социалдык программалар департаментинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Түндүк Казакстан облусуна Орусия менен Өзбекстандан 40ка жакын үй-бүлө көчүп келген. Ошондой эле аларга мекендештер макамы берилген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков