Дүйнөнүн беделдүү компаниялары Казакстанда тасма тартышат

Дүйнөнүн беделдүү компаниялары Казакстанда тасма тартышат

Казакстандын дүйнөлүк блокбастерлердеги жагымдуу көрүнүшү! Белгилүү чет элдик компаниялар өлкө аймагында кино тартууну көздөп жатышат. Ушул жылдын башында Франция жана Орусия сыяктуу кино өндүрүш тармагынын лидерлеринен арыздар келип түшкөн. Бул тууралуу Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунан билдиришти. Уюмдун башкы продюсери Адай Абилдиновдун айтымында, мындай келишимдер буга чейин түзүлгөн. Аларды ишке ашырууга пандемия тоскоол болгон.

Адай Абилдинов, Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунун башкы продюсери:

- 2019-жылы кино борбору жана чет элдик компаниялар бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. NBC Universal, Light Gates, Warner Bros., Discovery, Global Film сыяктуу америкалык компаниялар Казакстандын аймагындагы локацияларга кызыгуу таанытышты. Албетте, мунун баары пандемияга чейин болгон. Ошол убакта алар менен биздин жерлерде бир нече тасма тартуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Өткөн жылы, коронавирус инфекциясынын жайылышына карабастан, жергиликтүү борбор бир катар долбоорлорду колдогон. Ошентип, ал ата мекендик киноиндустриянын көптөгөн тармактарынын өнүгүшүнө жол ачты. Бул саясаттын натыйжасында 39 долбоор каржыланууга мүмкүндүк алды. Алардын ичинде 8 көркөм фильм жана 7 даректүү тасма, 5 анимациялык жана бир арт-хаус жанры менен эки биргелешкен телекөрсөтүү форматы, 9 кыска метраждуу тасма жана беш дебют бар. Кошумчалай кетсек, казак режиссёрлору Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата жана сынактын алкагында «Алыскы бир тууган» тасмасын тарткан.

Адай Абилдинов, Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунун башкы продюсери:

- Мындан туура бир жума мурун биз кино долбоорлордун үчүнчү питчингин бүтүрдүк. Үстүбүздөгү арыздардын саны көп болду. Ар кандай казакстандык компаниялардан мамлекеттик каржылоого байланыштуу 500дөн ашык арыз келип түшкөн. Алардын арасында чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр өздөрүнүн биргелешкен өнүмдөрүн көрсөтүштү. Бирок комиссиянын акыркы жыйыны азырынча боло элек.

Ошондуктан азырынча айтууга акыбыз жок. Андыктан мамлекетти колдогусу келгендердин саны өсүүдө деп гана айта алабыз.

Быйыл арыздарын тапшырууга үлгүрбөй калгандар келерки жылы багын сынап көрө алышат. Кинематографисттерге коюлган талаптар бирдей. Ошондуктан автордук же арт-хаус чыгармасы, ал тургай коммерциялык долбоор да бирдей мамлекеттик колдоого ээ боло алат. Эң башкысы - элге көрсөтүүгө арзый турган чыгарманын болушу кажет. Белгилей кетсек, жыл сайын казак тасмалары популярдуу кино сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков