Казакстанда түшүм жыйноо иштери 95 пайызга аткарылды

Казакстанда түшүм жыйноо иштери 95 пайызга аткарылды

Казакстанда түшүм жыйноо иштери болжол менен 95 пайызга аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айтылды. Казакстандын премьер -министри Аскар Маминдин айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө буудай жыйноо боюнча абал оор. Бул маселе Казакстанды да кыйгап өткөн жок. Аба ырайынын жагымсыз шарттары дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө таасир этти. Бирок, быйыл өлкөдө буудайга болгон суроо-талап толук камсыздалды.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Казакстанда кылкандуу дан эгиндеринин жана май өсүмдүктөрүнүн жалпы түшүмүн 18 миллион тоннага чейин көбөйтүү пландаштырылууда, анын ичинде 16 миллион тонна дан жана буурчак өсүмдүктөрү. Бүгүнкү күндө түшүм жыйноо болжол менен 95%га аяктады. Быйылкы кургакчылыктан улам буудайдын көлөмү азайганы менен өлкөнүн ички буудайга болгон муктаждыгы толук камсыздалды. 6-6,5 миллион тоннага жакын буудайды экспорттоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жаңы дан эгиндеринин сапаты бир кыйла жогору. Дан эгиндеринин 28% жогорку саппаттагы буудайдын көлөмү - жыйналган эгиндин жалпы көлөмүнүн 74% жетти. Белгилей кетсек, дүйнөлүк рынокто мындай сапаты жогору буудайга болгон суроо-талап жогору.

Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр облустун акимдери жана Айыл чарба министрлигине түшүм жыйноо иштерин тез арада бүткөрүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков