Идеядан бизнеске: Казакстанда стартап-долбоорлор кандай колдоого алынат?

Идеядан бизнеске: Казакстанда стартап-долбоорлор кандай колдоого алынат?

Ата-энелер үчүн ыңгайлуу чечим. Жаш казакстандык ишкерлер балдарды ташууга арналган «Үйдөн үйгө чейин» аттуу онлайн кызматты ойлоп табышты. Уникалдуу платформадагы стартап-идеялар Назарбаев Университетинин студенттерине таандык. Бул жаңы демилге программалык камсыздоонун 35 түрү менен багыттоонун акылдуу тутумун камтыйт. Жыйынтыгында, жашы жете электердин жолу тез жана коопсуз болот.

Олжас Жакыпов, балдарды ташуу боюнча стартап-долбоорунун коммуникациялар боюнча жетекчиси:

- Биздин долбоор карпулинг системасына негизделген. Башкача айтканда, анын негизги максаты - балдарды топ-топ кылып ташуу. Ошондуктан, кызматтын баасы өтө арзан. Негизгиси абдан эффективдүү. Мисалы, аял айдоочулар кайда жана кантип барамын деп ойлонуп отурбайт. Логистика багытты ал үчүн атайын программа түзүп берет. Бул жаңы базар, заманбап гипотезалар менен жаңыртылган алгоритмдер. Ал бир нече программаларды камтыйт.

Аталган долбоор Астана бизнес кампусундагы NURIS бизнес-акселерацияларды колдоого арналган 8 жумалык программага катышты. Эске сала кетсек, бул Назарбаев университетинин технопаркы. Бул жерде, беш жылдан бери, таланттуу казакстандыктардын идеяларын конкреттүү ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт. Атаандаштыкка жөндөмдүү болгон демилгелерин чет элдик рынокко чыгуусуна жардам берилет. Жакын арада долбоордун авторлору БАЭде, Улуу Британияда жана Орусияда өз ойлорун ишке ашырууну мерчемдеп жатышат. Ал эми бул стартап-долбоордун ээси масштабдуу милдетти, тагырагы Индия рыногун багынтууну көздөөдө. Студенттерге атайын түзүлгөн рекрутингдик платформа да бизнес-акселерацияларынан өтүп, суроо-талапка ээ болгон долбоорлордун бири болуп саналат.

Ляззат Жанбирова, студенттерди кабыл алуу үчүн веб-порталынын өнүктүрүү башчысы:

- Эми чет өлкөдө окууну каалаган ар бир студент биздин порталга кайрылып, чет өлкөдө билим алууну, жатакананы жана башка бардык кызматтарды эч кандай кошумча көйгөйлөрсүз веб-сайттардан жеткиликтүү түрдө буйрутма бере алышат. Буга окшогон 2 гана долбоор бар, бизде жана Америкада бир долбоор.

Белгилей кетсек, NURISтин негизинде 5 жылга - жылына 2 жолу, башталгыч ишкерлерге эң кыска убакыттын ичинде стартапты өнүктүрүү үчүн уникалдуу көндүмдөр үйрөтүлөт. Бул инновациялык долбоор жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү издөө, ийгиликтүү бизнесмендер менен күнүмдүк жолугушуулар, тармактарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү болуп саналат. Бул жылдар аралыгында 100дөн ашуун катышуучулар атайын тренингден өтүшүп, 70тен ашуун бизнес идеялар жүзөгө ашырылууга жолдомо алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков