БУУ Алматыда Ооганстанга жардам көрсөтүү хабын түзүүнү колдоду

БУУ Алматыда Ооганстанга жардам көрсөтүү хабын түзүүнү колдоду

Бириккен Улуттар Уюму Алматыда Ооганстанга гуманитардык жардам түйүнүн түзүүнү колдоду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Казакстандык мегаполис Кабул шаарынан 3 сааттык аралыкта жайгашкан. Бул транспорттук жана логистикалык жактан, башкача айтканда Ооганстанга гуманитардык жардамды чогултуу, сактоо, бөлүштүрүү жана жөнөтүү үчүн ыңгайлуу. Казакстандын демилгесин БУУнун өкүлдөрү оң баалап жатышат. Алматыдагы Хаб Ооганстан экономикасынын алсызданышын, качкындардын агымынын көбөйүүсүн жана башка гуманитардык кесепеттерди алдын алууга себепчи болгон координациялык борборго айланышы мүмкүн. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кызыкдар тараптар менен макулдашылгандан кийин хаб иштеринин уюштурулушу кайрадан талкууланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков