Актөбе облусунун ыйык жерлерине экспедиция

Актөбе облусунун ыйык жерлерине экспедиция

Актөбө облусунда 18-20-кылымда жашаган тарыхый жана диний инсандар тууралуу материалдарды чогултуу үчүн жергиликтүү музей кызматкерлери жана чөлкөм таануучулар ыйык жерлерге саякатка аттанды. Бул жолу сапардын багыты облустун Хромтау жана Айтеке би райондорундагы тарыхый жерлерди камтыйт. Алардын арасында Беккул баба, Ойсылкара сыяктуу ыйык жерлерге жана Абулхайыр хандын сөөгү коюлган жерге да баруу көздөлгөн. Бул иш Казакстандын ыйык жерлеринин географиясы экспедициясынын алкагында колго алынган. 2017 -жылдан бери бул долбоордун аркасында облустун беш районунда изилдөө жүргүзүлүп, жүздөгөн жерлер аныкталган. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча илимий эмгек басылып чыгат.

Арынгазы Беркімбаев, чөлкөм таануучу:

- Каталогдор, китептер, журналдар чыгарылат. Аймактын тарыхын сүйгөндөр үчүн материалдар интернетте жана башка маалымат каражаттарында жеткиликтүү болот.

Кыдыргали Ермукан, экспедиция жетекчиси:

- Мурунку жылдары атайын тасмаларды тартчубуз. Бул руханий жана диний жерлер жана биздин Актөбө облусундагы улуу инсандар, Ойылдогу Сүлеймен олуя, жана башка Алгадагы, Эсет батырлардын баары тасмага тартылып, фильм аркылуу ар бир жума күнү көрсөтүлүп атты. Эми быйыл биз аны чогултуп, дагы бир мүмкүнчүлүк болсо көрсөтүү үчүн иштейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков