Казакстан менен Беларус унаа куруу тармагындагы өнөктөштүк алкагын кеңейтет

Казакстан менен Беларус унаа куруу тармагындагы өнөктөштүк алкагын кеңейтет

Казакстан менен Беларус өлкөлөрү ортосундагы өндүрүштүк дарамет артып келет. Учурда өлкөнүн аймагында аталган мамлекет техникасы менен жабдыктарын чыгарган жети ири биргелешкен өндүрүш ишкана бар. Алардын жарымынан көбү автоунаа чогултуучу заводдор. Быйылкы жылдын алгачкы жети айында гана өткөн жылы колдонууга берилген тракторлор жана комбайндар чогултулган. Жабдуулардын көлөмүн жана өндүрүштүк кубаттуулукту эки эсе көбөйтүү менен бирге Казакстандын үлүшүн арттырууга көңүл бурулуп жатат.

Павел Утюпин, Казакстан Республикасындагы Беларус Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Биз локализация жараянын тереңдетебиз. Келерки жылы биз кабиналарды толук чыгаруу үчүн өндүрүштү ишке кошобуз. Алар бул жерде чогултулуп, Казакстандын аймагындагы өндүрүш аянттарына жеткирилет. Ага ылайык, Казакстанда башка керектүү долбоорлор да ишке ашырылууда. Мисалы, мотор чыгаруучу завод бар. Моторлордун тетиктерин жасоо боюнча долбоорлорубуз бар. Бул дизель генераторлуу станциялары жана кыймылдуу компрессордук станциялар сыяктуу тармактар. Мындан тышкары, унаа комплектилери боюнча бир катар келишимдер түзүлүүдө. Алардын бири - Казакстанда автоунаа чогултуу тармагындагы терезелерди чыгаруу.

Ушундай эле комбайн өндүрүшү жана айыл чарба техникасынын көмөкчү жабдыктары менен тетиктерин жыйноо ишинин аянты кенейтилет. Мындан тышкары, өрт өчүрүүчү унааларды чыгарууга арналган биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тармакка инвестиция салуудан тышкары, беларус тарап кадрларды даярдоого кызыкдар болууда.

Павел Утюпин, Казакстан Республикасындагы Беларус Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Костанай агротехникалык колледжи менен бирге дал ушул окуу жайынын алдында Беларус тажрыйбасы бар техникалык адистиктер боюнча окуу борборун түзүүнү пландап жатабыз. Ага ылайык, биз өзүбүздү окуу программабыз менен толук жабдууга милдетин өз мойнубузга алабыз. Тиешелүү документтерге кол коюлду. Азыркы учурда материалдык-техникалык базаны чогултуп жатабыз. Эми бул жерде окуган студенттер биздин заводдордо эле эмес, жалпы Казакстандын унаа куруу ишканаларында иштей алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков