«Алтынемел» улуттук жаратылыш паркы абадан башкарылат

«Алтынемел» улуттук жаратылыш паркы абадан башкарылат

«Алтынемел» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын аймагы эми абадан көзөмөлдөнөт. Европа коопсуздук жана келишим уюмунун борбордогу өкүлчүлүгү коруктун кызматкерлерине квадрокоптер тапшырды. Видео-камера менен жабдылган дрон 500 метр бийиктикке көтөрүлүп, бир саат бою уча алат. Ал эми орнотулган жылуулук сенсордун жардамы менен ал күнү-түнү тартууга жөндөмдүү.

Рати Жапаридзе, Нур-Султан шаары екку программалар өкүлчүлүгү бөлүмүнүн жетекчиси:

- Дрондор - өрттүн алдын алуунун жана эрте аныктоонун эффективдүү жолу. Муну менен катар дрондордун улуттук парктарда колдонулушунун дагы бир себеби, жаныбарларды көзөмөлдөөгө болот, башкача айтканда ал жерде канча бугу же жейрен бар экенин билүүгө жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүк.

Адай Омархан, «Алтынемел» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын мүдүрү:

- Браконьерликке каршы мыкты аппарат. Ал бизге 8 километр алыстыктагы унаанын номерин, адамдын түрүн же анын жайгашкан жерин, так GPSтин координаттарын көрсөтө алат. Башкача айтканда, биз 8 чакырым алыстыкта отуруп, броконьердин так жайгашкан жерин, кантип кыймылдап жүргөнүн же эмне кылып жатканын көрө алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков