Илимпоздор Сиверс алма дарагынын сырын ачышмакчы

Илимпоздор Сиверс алма дарагынын сырын ачышмакчы

Сиверс алмасы Казакстандын брендине айланууга тийиш. Мындай билдирүүнү эл аралык илимий экспедицияга катышкан чет элдик изилдөөчүлөр жасашты. Германия менен Франциянын Сорбонна университетинин өкүлдөрү Жунгар-Алатау коругунда иш-сапарда болушту. Анда илимпоздор жер бетиндеги алма бактарынын келип чыгышын изилдеп, изилдөөлөрүн жакшыртуу үчүн алманын уруктарын чогултушкан. Ошентип, келечекте көптөгөн жаңылыктарды ачууну көздөйт. Алдын ала жыйынтыктар Оксфорд университетинин окумуштууларына бышкан кызыл алмалардын бардык белгилүү сортторунун төрттөн бири же эки жарым миңи Сиверс дарагынан келип чыкканын далилдөөгө мүмкүндүк берди.

Жанна Мамбетова, «Cultural Dialogue» қоғамдық қорының директоры:

- Казакстан - дүйнөдөгү бардык алма дарактарынын мекени болуп саналат. Мына ушул себептен илимпоздор аталган фактыга кызыгуучулук билдирүүдө. Бир гана окумуштуулар эмес, илимий изилдөөчүлөр. Алардын катарына азыркы заманбап сүрөтчүлөр кошулду. Акыркылары илимпоздордун изилдөөлөрүнүн негизинде өздөрүнүн долбоорлорун түзүшөт.

Чет элдик окумуштуулардын айтымында, Сиверс алма дарагы дүйнөлүк илим жана маданият үчүн баа жеткис байлык. Белгилей кетсек, ал Эл аралык Кызыл китепке кирген. Учурда окумуштуулар баштапкы абалын сактап калуу үчүн эксперименттерди жүргүзүп жатышат. Мисалы, француздар дарактардын бутактарына атайын сенсорлорду орнотушкан. Аппарат үндөрдү жазат, дарактын ширесин чогултат, андан кийин анын курамын изилдейт. Ошондой эле алма дарагынын температурасын өлчөйт. Немис режиссёру Антже Маевски мөмөнүн баалуулугу тууралуу даректүү тасма тарткан.

Антье Маевски, режиссер /Германия/:

- Мен өзүмдүн тасмамда өстүрүлгөн алманын генетикалык ресурстары тууралуу айтам. Алма бактарынын тандалышы тууралуу баяндайм. Мен анын кесепитинен пайда болгон көйгөйлөр тууралуу айтам. Селекция бир нече популярдуу жана пайдалуу сорттордун өсүшүнө алып келди. Ал эми химикаттарды колдонуу бак-дарактарда ар кандай ооруларды пайда кылды. Ошондуктан миллиондогон жылдар бою сиздердин тоолордо жайкалып өскөн Сиверстин кээ бир ооруларга каршы күрөшүүдө абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Окумуштуулардын айтымында, Адам ата менен Обо эненин алмасы кандай болгонун бүт дүйнө билиши керек. Буга адистештирилген көргөзмөлөр жардам берет. Аларды Францияда, Германияда, Бельгияда, Австрияда, Кытайда жана Сингапурда өткөрүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков