Казакстанда XVII Евразиялык медиа форум өз ишин баштады

Казакстанда XVII Евразиялык медиа форум өз ишин баштады

Казакстанда XVII Евразиялык медиафорум өз ишин баштады. Масштабдуу иш-чарага казак жана дүйнөлүк ЖМК өкүлдөрү, эл аралык серепчилер жана саясатчылар, илимпоздор менен коомдук, маданият ишмерлери чогулушту. Форумдун расмий ачылышы аяк оона айынын 16на белгиленген. Ал эми бүгүн катышуучулар дүйнөлүк серепчилердин чебердик-класстарына катыша алышат. Муну менен катар, уюштуруучулар Ооганстандагы абалды көз жаздымда калтырышпайт жана талдоочулар бул маселенин Борбор Азиядагы кырдаалга тийгизген таасири боюнча пикир алмашууга чакырышат. Ошондой эле, форумдун биринчи күнүндө бир нече тегерек столдор өткөрүлөт. Алардын бири түрк тилдүү өлкөлөрдүн массалык маалымат каражаттарынын кызматташуусуна жана өз ара аракеттешүүсүнө арналат. Ал эми жарнама тармагынын адистери мыкты улуттук бренддердин түзүлүшү темасында пикир алмашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков