Өзбекстан Казакстандын курулуш тармагындагы тажрыйбасын колдонот

Өзбекстан Казакстандын курулуш тармагындагы тажрыйбасын колдонот

Өзбекстан Казакстандын курулуш тармагындагы тажрыйбасын үйрөнүүнү мерчемдеп жатат. Эки өлкөнүн ортосунда меморандумга кол коюлду. Тактап айтканда, Казак илимий изилдөө жана долбоорлоо институтунун адистери өзбек кесиптештери менен сейсмикалык курулуш жана вибродинамикалык тестирлөө жаатындагы өз-ара билимдерин бөлүшөт. Үч жыл мурун казакстандык окумуштуулар Ташкентте 9 кабаттуу имараттын шартында тест өткөрүшкөн, ал кийинчерээк Өзбекстанда «жеткиликтүү турак жай» программасынын алкагында пилоттук долбоор катары киргизилген.

Арман Хасен, «Казак курулуш, архитектура илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту» АК урулушту стандартташтыруу борборунун мүдүрү:

- Аталган маселелер боюнча биз Борбор Азияда гана эмес, жалпы эле Советтер Союзу өлкөлөрүнүн арасында лидерлердин бири болуп саналабыз. Ошон үчүн бизге кайрылышат. Атайын делегация келип, биздин бюджеттик нормативдер системабыздын тажрыйбасын изилдеди. Аларга иштин уюштурулушу абдан жакты, кийин казакстандык адистерди тартуу чечимин кабыл алышты.

Ал эми коңшу өлкө Казакстандын баа түзүү, маалымат моделдөө жана курулуш жаатында эл аралык стандарттарды ишке ашыруу боюнча тажрыйбасын өздөрүнө алууга ниеттенүүдө.

Арман Хасен, «Казак курулуш, архитектура илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту» АК урулушту стандартташтыруу борборунун мүдүрү:

- Муну менен катар, алар BIM технологиясынын багытына кызыгуучулук билдирди. Бул курулушта маалыматтык моделдөө жана заманбап дизайн технологиялары. Аталган иштерди жылдын аягына чейин жана келерки жыл жүргүзүү мерчемделүүдө. Коңшу өлкөгө илимий-техникалык жардамыбыздын кеңейишинин эсебинен республиканын аталган чөйрөдөгү кадыр -баркы жогорулайт.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Түркмөнстан мамлекети ушундай эле өтүнүч менен казакстандык адистерге өтүнүч менен кайрылган. Бирок, пандемияга байланыштуу бул маселе чечилбей жатат. Белгилей кетсек, Казакстандын курулуш жана архитектура институтуна КМШ өлкөлөрүндө сейсмикалык курулуш тармагындагы базалык уюм макамы берилди. Бул уюмду КМШ өлкөлөрү ортосунда илимий-изилдөө институттарынын тажрыйба алмашуу үчүн бирдиктүү шартка айландырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков