Жамбылдагы жарылуудан көз жумган 7 адам «Айбын» ордени менен сыйланды

Жамбылдагы жарылуудан көз жумган 7 адам «Айбын» ордени менен сыйланды

Президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Жамбыл облусундагы жарылуудан каза болгон бир катар аскер кызматчылары жана өрт өчүрүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Акордонун сайтында маалымдалды. Аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана жан аябастыгы үчүн маркумдар «Айбын» ордени менен сыйланды. Эске салсак, баш оона айынын 26да Жамбыл облусундагы аскердик кампада жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 17 адамга жеткен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков