Казакстан көмүр экспортун көбөйттү

Казакстан көмүр экспортун көбөйттү

Казакстан быйыл 19 миллион тонна көмүр экспорттоону көздөп жатат. Жалпысынан өлкөдө жыл башынан бери 68 миллион тонна көмүр өндүрүлгөн. Быйыл Орусияга 11 миллиондон ашык, ал эми Европа өлкөлөрүнө 3 миллиондон ашык жөнөтүлгөн. Кыргызстан, Өзбекстан, Украина жана Белорус мамлекеттерине дагы казакстандык көмүрдү сатып алышат. Ички рынокто күйүүчү отундун көбүн энергетикалык компаниялар колдонот. Учурда бул үчүн 40 миллион тонна көмүр бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Казакстан көмүрдүн кору боюнча дүйнөдө алдыңкы ондукка кирет. Көмүрдүн негизги корлору Казакстандын түндүгүндө жана борборунда топтолгон. Жалпысынан өлкө 30 жылдын ичинде 750 миллион тонна көмүр экспорттогон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков