Казакстандык көрүүчүлөр комедияны тандайт

Казакстандык көрүүчүлөр комедияны тандайт

Казак көрүүчүлөрү комедияны тандайт. Көгүлтүр экрандын алдында кино сүйүүчүлөр коомчулугунун басымдуу бөлүгү аталган жанрдагы чыгармаларга басым жасашат. Бирок тарыхый, даректүү жана анимациялык чыгармалардын да өз аудиториясы бар, дешет тармак өкүлдөрү. Ата мекендик кинематографисттер олуттуу нерселердин убактысы алдыда деп эсептешет. Жалпысынан алганда, эгемендүүлүктүн 30 жылынын ичинде «Казакфильм» киностудиясы эле 600дөн ашык тасма тарткан. Жакында бул фонд дагы 5 чыгарма менен толукталат.

Айдархан Адилбаев, «Ш. Айманов атындагы «Казакфильм» АК вице-президенти:

- Бизде мотивация берүүчү тасмалар өтө аз. Көрүүчүлөр көбүнчө батыштын мотивациялык чыгармаларын көрүүгө көнүп калышкан. Биз бул тармакты колго алганы жатабыз. Мисалы, өзүбүздүн ишкерлер, спортчулар, окумуштуулар жана башка адистер тууралуу картиналар аркылуу көрүүчүлөр чыныгы баатырдын жанында экенин түшүнөт деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков