Казакстанда 2 миллиондон ашык адам онлайн каттоодон өттү

Казакстанда 2 миллиондон ашык адам онлайн каттоодон өттү

Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, эки миллиондон ашуун казакстандык онлайн каттоодон өттү. Эл каттоону онлайн өткөргөндөрдүн басымдуу бөлүгү Алматы жана Кызылорда облустарынан, ошондой эле Алматы шаарынан. Эң төмөнкү каттоолор Мангыстау жана Атырау облустарында. Белгилей кетсек, сурамжылоочулар өз алдынча эл каттоодон өтпөгөндөргө өздөрү барышат. Алар тогуздун айынын 1нен 30на чейин үймө-үй кыдырышат. Тартип сакчылары эсепчилердин коопсуздугуна жооп берет. Эске сала кетсек, бардык пайда болгон суроолор боюнча call-борборго 1446 номерине чалууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков