Коон-дарбыз экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетти

Коон-дарбыз экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетти

Түркестан облусунун Шардара районунун дыйкандары рекорддук көрсөткүч 45 миң тоннага жакын коон экспорттоду. Бул көлөм алдыдагы убакытта көбөйүшү мүмкүн. Анткени коон-дарбыз экспорту дагы эле уланууда.

Аманжол Калыбаев, чарба кожолугунун төрагасы:

- Кошумча дары-дармектерди берүү менен өндүрүмдүүлүк жылдан жылга жогорулоодо. Өнүмдү 260 центнерден алып жатабыз.

Быйыл аймактар аралык дыйкандар коон-дарбыздын көлөмүн жылдагыдан 500 гектарга чейин көбөйтүшкөн. Жергиликтүү бакча-өнүмдөрүнүн негизги керектөөчүлөрү Орусия жана Европа мамлекеттери болуп саналат.

Абылай Маканов, Шардара райондук айыл чарбасы бөлүм башчысынын орун басары:

- Экспортко жиберилген түшүмүбүз тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 44 миң тоннадан ашты. Ал эми өткөн жылы жыл ичинде 39 миң тонна түшүм экспорттолгон.

Өз кезегинде коон жана дарбызга болгон суроо-талап дыйкандарды айдоо аянттарын кеңейтүүгө шыктандырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков