Нур-Султанда «Космоско жол» көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда «Космоско жол» көргөзмөсү ачылды

Адам баласынын космос мейкиндигин багындырганына 60 жыл, ошондой эле Казакстандын биринчи космонавты Токтар Аубакировдун космоско учканына 30 жыл толгонуна карата борбордо эки көргөзмө ачылды. Уюштуруучулар эки көргөзмөгө «Космоско жол» деген аталыш койгон. Долбоорду иштеп чыгуучу Ольга Скальчуктун айтымында, анын бир бөлүгү Москвадагы Космонавтика музейи тарабынан атайын даярдалса, экинчисине Казакстан, Орусия, Украина, Кыргызстан, Италия жана Швейцария мамлекеттеринен 18 сүрөтчүнүн эмгектери кирди. Экспозицияда эзелтен бери асманга учуп, анын сырларын ачууга аракет кылган адамзаттын кыяландагы космостун көрүнүштөрүн, аталган тармактагы илимий ачылыштарга арналган эмгектерди көрүүгө болот.

Ольга Скальчук, көргөзмөнүн уюштуруучусу:

- Эки көргөзмөгө 50дөн ашык түрдүү жанрдагы эмгектер коюлган. Заманбап көргөзмөдө видео-роликтер, скульптуралар, ар кандай инсталляциялар, фото-сүрөттөр коюлса, космонавтика музейи сунуштаган көргөзмөдө - фото маалыматтар, документтер көрсөтүлгөн. Андагы фото-сүрөттөрдө маалыматтар жана тематикалык окуялар камтылган. Көргөзмө тогуздун айынын 25не чейин уланат. Тогуздун айынын 2нен 10на чейин, ал эми дал ушул убакытта 1991-жылы Токтар Аубакиров космосто болгон. Экспозиция бул тарыхый учурдун фото-сүрөттөрү менен толукталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков