Казак элинин этногенези же илимге негизделген санжырасы

Казак элинин этногенези же илимге негизделген санжырасы

Ата мекендик генетиктер казак ултынын этникалык тарихын калыптандыруу ишин колго алды. Ата тектүү илимий негизде түзүү долбоорунун жетекчиси Максат Жабагин болуп саналат. Ал бир нече жылдардан бери борбордогу заманбап лабораторияны жетектейт. Дал ушул жерде биоинженерлер казак элинин генетикалык кодуна тиешелүү актай барактарды ачып, улуттук санжыраны төгүндөөгө боюнча изилдөө иштерин жүргүзөт.

Асия Тайжанова, Улуттук биотехнология борборунун кишинин популяциялык генетикасы лабороториясынын илимий кызматери:

- Менин негизги жумушум бизге келген биоматериалды изилдөө, башкача айтканда кандын ДНКсын аныктоо. Андан кийин аны кошумча экспертизага жөнөтөм. Азыр биз Казакстандын ар тарабынан түрдүү уруу өкүлдөрүнүн канын жигердүү чогултуп жатабыз. Биздин изилдөө иштерибиз Y-хромосомалардын негизинде адамдардын генетикалык келип чыгуу тегин аныктоо үчүн жасалат.

Белгилей кетсек, Y-хромосомалык ДНК анализи аркылуу адамдын казак элинин белгилүү бир уруусуна таандык экенин баса белгилеп гана тим болбостон, анын ата тегинин Улуу Талаа санжырасындагы алган ордун аныктоого болот. Башкача айтканда, кимден тараган урпак жана атасынын коомдогу ролун мүмкүндүк берет. Бул бир гана лабораторияда жүргүзүлгөн талдоочулук иштер эмес. Байыркы тарыхтын сырларын ачуу үчүн Улуу Талаанын казыналуу жерлерин аралап, илимий экспедицияларды жүргүзүү зарыл. Бул дагы өлкөнүн чек арасы менен эле чектелбейт. Окумуштуулар казак эли жашаган дүйнө жүзүн кыдырып, ар кандай материалдарды чогултушат.

Максат Жабагин, PhD, улуттук биотехнология борборунун кишинин популяциялык генетикасы лабороториясынын жетекчиси:

- Бул жылы биз Түштүк Казакстан менен Түндүк Казакстан жана Борбордук Казакстан аймактарын толугу менен аралап чыктык. Чыгыш Казакстан жерлери толук камтылган жок. Монголия мамлекетине экспедицияга барууну мерчемдегенбиз. Пандемиянын кесепетинен биз максатыбызды ишке ашыра албай жатабыз. Чек ара жабык. Ошондуктан Монголияга быйылкы мерчемделген илимий экспедицияны кийинки жылга калтырууга чейин аргасыз болдук.

Казак элинин илимий жаатта санжырасын түзүү ишине генетиктер менен бирге ата мекендик тарыхчылар жабыла киришкен. Максаты - так илимий маалыматтарга ылайык өлкөнүн жыылнаамасын калыптандыруу.

Жаксылык Сабитов, тарыхчы:

- Биз бардык жаңы илимий ачылыштарды алдыңкы англис тилдүү басылмаларга жарыялайбыз. 2021-жылдын үчтүн айынын 5де Касым-Жомарт Токаев Казакстандын жаңы академиялык тарыхын жазуну тапшырылган. Жаңадан түзүлгөн өлкөнүн академиялык тарыхы долбоорунун бир бөлүгү казак элинин этногенезин калыптандырууга арналат. Биз билгендей, Казакстандын академиялык тарыхы мектеп системасын түзүүнүн мамлекеттик стандарты болуп саналат. Бул жаңы окуу программасынын негизине айланат. Андыктан аталган жамааттык иштин жыйынтыгы мектеп окуу китептерине киргизилет.

Ушул жылдын аягында казакстандык генетиктер Керей уруусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен бөлүшүшөт. Уникалдуу маалыматтар алдыңкы чет элдик басылмаларда жарыяланат. Бул үчүн илимпоздор бүт өлкөнү кыдырып, аталган уруунун өкүлдөрүнөн 160 биоматериал чогултушкан. Муну менен катар, мындай маанилүү ишке коңшу өлкөлөрдүн окумуштуулары да тартылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков