Казакстан эл аралык авиа каттамдарын калыбына келтирүүдө

Казакстан эл аралык авиа каттамдарын калыбына келтирүүдө

Казакстан эл аралык аба каттамынын 40% калыбына келтирди. Пандемияга чейин ата мекендик авиакомпаниялар жумасына беш жүзгө жакын рейс аткарышса, азыр алардын саны 230га жетти. Эпидемиологиялык абалдын жакшырышы авиакаттамдарды кайрадан жандандыруунун негизги себептеринин бири болуп саналат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө казакстандыктар 20 мамлекетке уча алышат. Жарандык авиация комитетинин маалыматы боюнча, көпчүлүк каттамдар Түркия, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Грузияга багытталган. Ошол эле учурда Орусияга уча турган каттамдардын саны жумасына 11ден 33кө чейин көбөйүшү мүмкүн.

Салтанат Томпиева, РКнын ИИМ Авиация комитети төрагасынын орун басары:

- Мурда бизде Москва менен Казакстандын ортосунда жумасына 180ге жакын рейс аткарылчу. Нур-Султандан күнүнө 4 рейс болсо, азыр бизде Нур-Султан менен Москванын ортосунда жумасына 4 гана каттам бар.

Кошумчалай кетсек, эгер Венгрияга авиакаттамдар кайрадан жанданса, келерки аптадан баштап Нур-Султан-Лондон багытындагысамалеттор уча баштайт. Катар менен Мальдив аралдарына рейстер кийинки айда гана аткарылат.

Белгилей кетсек, ички аба ташуулары да толугу менен калыбына келген. 2019 -жылга салыштырмалуу каттамдардын саны көбөйдү. Эгерде эки жыл мурун жергиликтүү авиа ташуу компаниялар жумасына 45 каттам аткарса, азыр казакстандыктар үчүн 57 каттамдар аткарылат. Рейстер саны 500дөн 700гө чейин көбөйдү. Жүргүнчүлөрдү ташуу 30 пайызга чейин артты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков