Чет элдик тажрыйбадан өтүү үчүн илимпоздорду тандоо жүрүп жатат

Чет элдик тажрыйбадан өтүү үчүн илимпоздорду тандоо жүрүп жатат

Казакстандык окумуштуулар мамлекеттин эсебинен чет өлкөдө тажрыйбадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Учурда Эл аралык программалар борбору катышуучуларды тандап жатат. Быйыл «Болашак» программасы боюнча окуу үчүн 1055 стипендия берилет. Алардын 500ү дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде ата мекендик окумуштуулардын квалификациясын жогорулатууга жана чет өлкөлүк кесиптештери менен биргелешип иштөөгө бөлүнгөн. Бул жолу 80 адистик боюнча академиялык билим алууга жана 137 багыт боюнча такшалуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Талапкерлер тогуздун айынын 28не чейин тиешелүү документтерди тапшырышы керек. Тиркемелер аптасына 7 күн, 24 саат бою кабыл алынат. Бардык жараяндар автоматташтырылган. Быйыл чет өлкөдө окууну каалагандар үчүн бир катар жеңилдиктер каралган.

Айнур Карбозова, «Эл аралык программалар борбору» АК президенти:

- Сынактан ийгиликтүү өткөн бардык талапкерлерге 5 категория боюнча тажрыйба сунуштайбыз. Стипендия берилгенден кийин республикалык комиссия кадрларды чет өлкөдө даярдап, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кепилдикке байланыштуу келишим түзүлсө, алар күрөөгө кыймылсыз мүлктү коюудан бошотулат. Эми кепил катары эки адам болсо жетиштүү.

Бул жолу тандоо үч айга гана созулат. Буга чейин талапкерлер алты айга тандалып алынган. Тажрыйбадан өтүү мөөнөтү 12 айдан, башкача айтканда бир жылдан ашпоого тийиш. Андан кийин бардык катышуучулар кеминде 3 жыл иштеши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков