Жер шаарын аралаган алгачкы казакстандык экспедиция аяктады

Жер шаарын аралаган алгачкы казакстандык экспедиция аяктады

«Чокон Валиханов» чакан кемесинин экипажы дүйнө жүзүн кыдырып, үйлөрүнө кайтышты. Бул иш-чара Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналды. Экмпедиция 2007-жылдын күзүндө «Биз дүйнөгө ачылабыз, дүйнө бизге ачылат!» урааны менен башталды. Андан бери кеме үч океанды кесип өтүп, Европа жана Түштүк Америка акваториясы аркылуу Тынч океандын аралдарына чейин жеткен. Саякатчылар Эл Башы Нурсултан Назарбаев тапшырган өлкөнүн желегин сыймык менен алып жүрүштү. Мамлекеттик символ республиканын туңгуч президентинин музейине тапшырылат. Борбордук Азия географиялык коому жетекчисинин айтымында, бул экспедициянын аркасы менен Казакстанды дүйнөгө таанытууга мүмкүн болду.

Канат Өскенов, «Жаңыруу» РКБ Алматы шаардык филиалынын мүдүрү:

- Экспедициянын максаты - Казакстанды бүт өлкөгө көрсөтүү. Максатыбыз ишке ашты деп ойлойбуз. Бизде башка дагы долбоорлор бар. Анткени биз чоңураак нерсени жасап, Гиннестин рекорддор китебине киргибиз келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков