Казакстан авиациясын өнүктүрүү: Жаңыланган авиапарк жана учуу коопсуздугу

Казакстан авиациясын өнүктүрүү: Жаңыланган авиапарк жана учуу коопсуздугу

Алты айдан кийин Казакстан жергиликтүү авиация үчүн орусиялык «Байкал» учагын чыгара баштайт. Азырынча «Казакстандын авиациялык өнөр жайынын» базасындагы учактарды чогултуу гана мерчемделүүдө. Бирок 2024-жылга чейин республика аталган учактарды долбоорлоону жана өндүрүүнү баштайт. Бул тууралуу Казакстандын Авиация башкармалыгынын башчысы - Питер Гриффитс билдирди. Ал белгилегендей, жалпысынан өлкө жакынкы үч жылдын ичинде улуттук авиа паркын жигердүү түрдө толуктоого ниеттенүүдө.

Питер Гриффитс, Казакстандын авиация башкармалыгынын башчысы:

- Жакынкы үч жылдын ичинде биз Казакстанда 45 жаңы учактын пайда болушун күтөбүз. Азыркы учурда 51 учак пландуу каттамдарды аткарууда. Бул көрсөткүч жыл сайын 10%га өсүп турат.

Учак паркынын кеңейиши менен учуунун коопсуздугуна талаптар дагы өсүүдө. Айта кетсек, бул бөлүктө Казакстан ИКАОнун эл аралык стандарттарына ылайыктуулугунун дүйнөлүк орточо деңгээлинен 15%дан ашып, текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча быйылкы жай мезгилинде 84%га жетти.

Нурбек Бекмухамбетов, Казакстан авиация башкармасынын башкы мүдүрүнүн орун басары:

- 2021-жылдын башынан бери Авиациялык Администрациянын инспекторлору учактардын учууга жарамдуулугуна байланыштуу 140ка жакын текшерүү жүргүзүшкөн. Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 1500 кемчиликтер аныкталган. Мындай кемчиликтер авиакомпаниялар тарабынан жок кылынган. 2021-жылы авия каттамдар кайрадан жанданды жана ага ылайык, авиакомпаниялардан дагы суроо-талаптар көбөйдү. 2021-жылдын башынан бери аба кемеси үчүн 122ге жакын учууга жарактуу сертификаттары берилген.

Казакстанда учуунун жогорку коопсуздугу туруктуу көз карандысыз эл аралык текшерүүлөр менен тастыкталат. Быйыл жайында Еврокомиссиянын чечими менен өлкө Евробиримдик мамлекеттерине учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын кара тизмесинен ийгиликтүү өттү. Ошентип, бул жаатта жылыш бар экенин далилдеди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков