Казакстан жолдорун реконструкциялоо: негизги долбоорлор качан аяктайт?

Казакстан жолдорун реконструкциялоо: негизги долбоорлор качан аяктайт?

Жыл аягына чейин республикалык жолдордун 90 пайызы жакшыртылат. Бул аймактардагы транспорттук желелердин 80 пайызына да тиешелүү. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү вице -министри Берик Камалиев борбор бай ланыш кызматында өткөн брифингинде айтты. Анын айтымында, учурда 8400 чакырымы жол куруу иштери менен камтылган. Быйыл бүткөрүлө турган 15 ири долбоордун арасында Караганда-Балкаш, Курты-Капшагай, Талдыкорган-Өскемен унаа жолдору жана башка маанилүү багыттар бар. 2021-жылы Ушарал-Достук жолу да айдоочулар үчүн жеткиликтүү болот. Бул туристтердин Алакөл курорттук аймагына баруусу жеңил болот дегенди билдирет. Муну менен катар Вице -министр Алматынын Алтын Ордо районундагы жол тилкесин реконструкциялоо келерки айда аяктайт деп ишендире кетти. Актөбө - Атырау - Астрахань багыты боюнча долбоорунун аякталып жатышы автоунаа сүйүүчүлөрүн кубандырат. Эске салсак, буга чейин, мисалы, Атырауга жетүү үчүн, Актөбө тургундары Урал аркылуу 500 чакырымга айланып өтүшү керек болчу.

Берик Камалиев, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүүнүн вице-министри:

- Жолдун бардык узундугу боюнча курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бул жылы биз Кандыагаш-Макат участкасын бүтүрөбүз жана 2023-2024-жылдары кийинки пайдаланууга берүү менен коридордун бардык узундугу боюнча кыймылдын ачылышын камсыздайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков