Алма музейиндеги алманын жаңы сорттору

Алма музейиндеги алманын жаңы сорттору

Алматыдагы Алма музейине келгендер мөмөнүн тарыхы менен таанышып, алмалардын жаңы сортторун, даамын татып көрө алышат. Максаты - багбанчылык боюнча ата мекендик окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жана иштеп чыгуу жыйынтыктарын көпчүлүккө жеткирүү. Музей фонду Казак мөмө-жемиш чарбачылыгы илимий-изилдөө институтунун помологиялык багынан жаңы өнүм менен үзгүлтүксүз толукталып турат. Бүгүнкү күндө селекционерлер алманын жаңы сортторун өздөштүрүү үчүн тынымсыз иштеп жатышат. Сорттор гибриддик негизде өстүрүлөт.

Акмарал Асылбекова, Алма музейинин менеджери:

- Мен гибрид сортун түзүү жолунда кандай талдоолор жүргүзүлөрүн айткым келет. Изилдөөнүн жыйынтыгында биринчи кезекте аралаштырылган үрөндөрдүн суукка чыдамдуулугу, тыгыздыгы, формасы жана түсүнө талдоо жасалат. Аны менен катар албетте, алманын жаңы сортторунун даамын татып көрүү.

Ата мекендик окумуштуулар алманын генетикалык ресурстарын сактоо менен 100дөн ашык сортун жасап чыгарышты. Алардын көбү сыноодон ийгиликтүү өтүп, чарбада өстүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө бакчада алманын 4 жаңы сорту бышып жетилди.

Светлана Алексеенко, Казак жемиш чарбачылыгы гзи кызматкери:

- Бул алмалар таттуу же болбосо кычкыл даамдуу сорттор. Жалпысынан алганда, европалык сорттордо кычкыл даам басымдуулук кылат. Ал эми биздин өлкөдө алмалар таттуу келет. Ошондуктан булар балдарга өзгөчө абдан жагат. Ошондой эле, апорт түрүнө караганда узак убакытка чейин сакталат.

Илимпоздордун айтымында, бул сорттор өнүмдүүлүгү, түшүмдүүлүгү жагынан апортко караганда жакшы. Мындан тышкары, алар ар кандай ооруларга чыдамдуу жана адаттагыдан узак сактоого болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков