Казакстанда балдардын жөндөмдүүлүгүн аныктай турган акысыз тест жүргүзүлөт

Казакстанда балдардын жөндөмдүүлүгүн аныктай турган акысыз тест жүргүзүлөт

Балдардын шыктуулугун аныктоо. 10-11 жаштагы казакстандык мектеп окуучуларынын катылган жөндөмдөрүн жана таланттарын акысыз аныктоого болот. Өлкөдө тогуздун айынын 1де баштала турган массалык тестирлөө «Qabilet қызметі» долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Биринчи этапта болжол менен 50 миң окуучуну камтуу мерчемделип жатат. Кийинки этаптарда өспүрүмдөр да кошулат. Мындан тышкары, жөндөмдөрдү диагностикалоо методу заманбап «4K» компетенцияларына, башкача айтканда чыгармачылык, сынчыл ой жүгүртүү, кызматташуу жана баарлашууга негизделген. Ал эми окуучулар тесттен өткөндөн кийин келечекте кесип тандоого жардам бере турган кесипкөй кеңештерди ала алышат. Белгилей кетсек, аталган долбоор «Эл Башы Академиясы» фондунун колдоосу менен таланттуу жаштарды аныктоо жана колдоо максатында түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков