Саясий репрессиянын курмандыктарын актоо: жашыруун документтер ачыкка чыкты

Саясий репрессиянын курмандыктарын актоо: жашыруун документтер ачыкка чыкты

Саясий репрессиялардын курмандыктарына тиешелүү жаңы маалыматтарды чогултуу казакстандык окумуштуулар тарабынан жүргүзүлө баштады. Алар Маданият жана спорт министрлигинин жабык фонддорунда, ошондой эле прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин мекемелик архивдеринде сакталган материалдарды изилдеп жатышат. Маалымат чогултуу менен өлкөнүн аймактарында атайын түзүлгөн 10 жумушчу топ алектенет. Чогултулган изилдөө материалдары бир нече жыйнакка бириктирилет. Алардын бири жыл аягында жарыяланат.

Сабыр Касымов, Саясий репрессия курмандыктарын толук актоо боюнча малекеттик комиссиянын жетекчиси:

- Биз өз пландарыбызда жана көрсөтмөлөрүбүздө аймактык комиссияларды райондорго барууну, экспедицияларды, көмүлгөн жерлерди тактоо үчүн ыктыярчылык топторду жиберүүнү, чөлкөм таануучуларды, активисттерди кошууну сунуштайбыз. Адамдар билиши үчүн эстеликтер жана белгилер коюлат.

Берик Абдигалиулы, РК Парламенти Мажилисинин депутаты:

- Бул биздин ата-бабаларыбыздын башкы максаты. Ачарчылыктын алдын алуу. Алар нааразы болушту. Эгерде эртең биздин наныбызды жана малыбызды ала турган болсо, эл кырылат. Бирок ал кезде өкмөттүн айтканын уккан эмес. Барын алып койду, адамдар кырылды. Бул ошол кезде өкмөттүн кылмыш кылган чон катасы. Алар ошол фактыларды көрсөтүп, каршылык билдирип, улуттук намысты, өлкөсүн сактап калуу үчүн чыккан каармандар. Алардын ысымдарын жарыялоо, алар акталбаса актоо. Аларга татыктуу эстелик коюу. Биздин негизги максатыбыз ушул.

Которгон: Илгиз Жамалбеков