Эмгек рыногунда мугалимдер жетишсиз

Эмгек рыногунда мугалимдер жетишсиз

Эмгек рыногунда мугалимдерге суроо-талап жогору. Баш оона айында эле Казакстандын мектептери 113 миңден ашуун мугалимге муктаж болгон. Өзгөчө Алматы, Жамбыл жана Мангыстау облустарында. Ошентип, теке айына салыштырмалуу аталган тармактагы бош орундардын саны болжол менен 40%га өстү. Суроо-талапка ээ адистиктердин арасында - чет тили, орус тили жана адабияты, ошондой эле башталгыч класстар менен математика предметтеринин окутуучулары бар. Ошол эле учурда жумуш издегендердин саны да көбөйгөн. Мисалы, өткөн айда мугалимдердин 57 жарым миң резюмеси жарыяланды. Серепчилер мындай көрүнүштү окуу мезгилинин башталуусу менен байланыштырат. Анткени бул жыл сайын кайталанып келген окуя. Ошондой эле, өлкөдө жаңы билим берүү мекемелеринин ачылышы жана мугалимдердин айлыгынын бир нече эсеге жогорулашынын да таасири бар.

Руслан Тилеубаев, РКнын ЕХАКМ Калкты жумуш менен камсыз кылуу департаменти мүдүрүнүн орун басары:

- Албетте, талапкерлердин ортосунда атаандаштык күчөгөнү байкалат. Буга мугалимдердин айлыгынын жогорулашы себеп болду. Эгерде жогорку окуу жайларындагы педагогикалык адистиктер боюнча жарыяланган сынакка көз чаптырсаңыздар, учурда талапкерлердин саны бир грантка бир нече эсе көбөйгөнүн көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Казакстан элине Кайрылуусунда Өкмөткө 2025-жылга чейин 1000 жаңы мектеп ачууну тапшырган. Муну менен катар мугалимдердин квалификациясын жана окумуштуулардын эмгек акысын жогорулатуу зарылдыгын белгилегени бар. Бул кадамдар бош жумуш орундарынын санын көбөйтөт жана жаш казакстандыктардын мугалимдик кесипке болгон кызыгуусун арттырууга өз таасирин тийгизиет деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков