Байыркы Сарайшык сыры качан ачылат?

Байыркы Сарайшык сыры качан ачылат?

Байыркы Сарайшык сырлары. Алтын Ордо доорундагы археологиялык эстелик аймагында жүрүп жаткан казуу иштери учурунда окумуштуулар XIII-XIV кылымдарга таандык күмүш тыйындарды табышкан. Табылган экспонаттар Сарайшыкта акча сакталган сарай болгонун далилдейт. Окумуштуулардын айтымында, күмүш тыйындардын бетине ошол замандагы бийлөөчүлөрдүн аттары жазылган.

Айбек Турарулы, археолог:

- Бул жерде азыр 6 бөлмөлүү Алтын Ордо доорунун бөлмөсүн аныктадык. Мындан тышкары, алтын ордолук Жанибек, өзбек хандары тарабынан жасалган тыйындар табылды. Жалпысынан 36 даана күмүш тыйындар бар. Бул эми акыркы кездеги эң ири монета кени болуп саналат.

Мындан тышкары, байыркы Сарайшык мүрзөсүнөн табылган карапа идиштериндеги оюм-чийимдер кол өнөрчүлүк мектебинин болгондугун айгинелесе, атырдын кутусу жана коло күзгү Сарайшыктын алыскы Европа менен соода мамилеси болгонун көрсөтүп турат. Ошондой эле, өткөн жылы дал ушул жерден «Хандын мүрзөсүнүн» орду табылган. Белгилүү болгондой, бул жерде бийлик курган «Алтын Ордонун» 7 ханы жана казак хандары менен ногой башкаруучулары көмүлгөнү аныкталып жатат. Окумуштуулардын айтымында, көрүстөндөрдүн бири Касым ханга таандык.

Абилсейит Мухтар, «Сарайшык» музей-фондусунун мүдүрү:

- Бир сөз менен айтканда, бул жер чоң пантиондун орду деген жыйынтыкка келип олтурабыз. Быйыл Касым хандын Сарайшыкка коюлганына 500 жыл толот. Биз бул окуяны чоң илимий конференция менен белгилегени жатабыз. Бул жерге окумуштууларды жана археологдорду чакырабыз. Белгилүү бир изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарабыз деген үмүттөбүз.

Илимпоздордун айтымында, табылган экспонаттар Улуу Жибек Жолунда улуу маданияттын болгонун күбөлөндүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков