Санжар Мади буллинг көйгөйү тууралуу тасма тартты

Санжар Мади буллинг көйгөйү тууралуу тасма тартты

Казакстандык актёр жана режиссёр Санжар Мади буллинг көйгөйүн козгогон кыска метраждуу фильм тартты. Автордун айтымында, тасма бир үй-бүлөнүн жашоосу аркылуу коомдогу ырайымсыздык маселесин көтөрөт. Бир үй-бүлө мүчөлөрү күн сайын өздөрүнө байланышкан теср көрүнуштөргө туш болушат. Мындай терс көрүнүштөрдүн андан ары өнүгүүсүн токтотпосо, эмне алып келерин көпчүлүккө баяндап берет.

Мындай кадамы менен кыска метраждуу тасманы жаратуучулар буллинг маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылышкан. Аны менен катар картинада көбүнчө мындай жагдайлар мектепте эле эмес, жумушта жана үйдө да болору чагылдырылган. Фильмдин идеясынын автору Ерулан Кусаиновдун айтымында, бул көрүнүш циклдүү жана көбүнчө адам баласы ага өзү себеп болот.

Ерулан Кусаинов, тасма идеясынын автору:

- Биз, менимче, ар ким өзүнө карата тааныш окуяларды, сюжеттерди көрө ала турган кызыктуу окуяларды чагылдыра алдык деп ойлойм. Милдет мындай болчу: жашоону кандай болсо, ошондой кылып көрсөтүү. Биз адамдын жашоосунан көптөгөн маанилүү нерселерди козгоого аракет кылдык. Негизнен коомдогу агрессия менен буллинг көрүнүштөрү камтылган.

Социалдык долбоорго өлкөдөгү белгилүү актердук курам тартылган. Башкы ролдордон Азат Сейтметов жана Асел Сагатова сыяктуу актёрлорду көрүүгө болот. Тасманын саундтреги катары Ирина Кайратовна менен Хиронун биргелешкен ыры тандалган. Кызыгы аталган тасма 1 күндө эле эки жерде тартылган.

Санжар Мади, тасманын режиссеру:

- Мен кандай сөздөрдү колдонуу керек экенин билчүмүн, апам өзү англис тили мугалими. Ал эми пандемия учурунда ал чыны менен роликте көрсөтүлгөн көйгөйлөргө туш болгон. Бул иштен чыккан микрофон сыяктуу, жашоодон алынган окуя. Башкача айтканда, мен апама компьютерди жөндөөгө жардам бердим, албетте, мындай ызы-чуу болгон эмес, бирок окуя ушундай болгон.

Серепчилердин айтымында, Казакстандын дээрлик ар бир бешинчи өспүрүмү тигил же бул жол менен рэкетчиликке кабыларын айтышат. Көйгөй пандемия учурунда,

киберкуугунтук жигердүү жайыла баштаганда күчөдү. Ал тургай чоңдор дагы жумушта психологиялык террордун жана агрессиянын көрүнүштөрүнө туш боло баштады. Тасманы YouTubе каналынан көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков