Атыраулык ишканалар айыл чарба өндүрүшүн ар тараптандырууда

Атыраулык ишканалар айыл чарба өндүрүшүн ар тараптандырууда

Айыл чарба тармагынын башкы милдети - өлкөнү негизги азык-түлүк өнүмдөр менен толук камсыз кылуу. Ал улуттук экономиканын негизги кыймылдаткыч күчүнө айланууга тийиш. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуусунда айткан. Бүгүнкү күндө айыл чарба тармагында ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор бар. Мисалы, Атырау облусунда жергиликтүү чийки затты кайра иштетүүгө жана даяр өнүмдү чыгарууга багытталган бир нече ишканалар бар. Алардын бири - табигый суусундуктарын чыгаруучу завод.

Владимир Розметов, чарба жетекчиси:

- Бул немистин алма ширесин жасоо технологиясы. Күнүнө 2 тонна шире алабыз. Мурда алманы Орусияга экспорттоп жүрчүбүз. Эми аны өзүбүз иштетебиз. Алманын ширесин, лимонадды, квасты чыгарабыз.

Ал эми облустун Махамбет районунда экзотикалык жемиш - лимон отургузулду. Биринчи жыйымтерим жетинин айына мерчемделген. Мындан ары бул жерде күнүнө алманын ширеси менен бирге бир жарым тонна лимон ширеси дагы өндүрүлөт. Дыйканчылык аймакта картошка жана пияз сыяктуу башка да жашылчалар өстүрүлөт. Күнөскана чарбасы дагы жакшы өнүккөн. Ал эми канаттуулар фабрикасы жылына 1 миллион даана жумуртка чыгарат.

Ринат Жанкылышев, Махамбет районунун акими:

- Махамбет районунда 7 долбоор ишке ашырылууда. Белгилей кетсек, бройлер куш этин кайра иштетүүчү фабриканын кубаттуулугу 2,5 тоннаны түзөт. Кошумча күнөскана комплекси бар. Ал жерде бадыраң менен помидорду өндүрүү мерчемделүүдо. Муну менен катар өнүм консерваланып, керектөөчүгө даярдалып берилет.

Атырау айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү өз өнүмдөрүнүн сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүнү жана тышкы рынокторду багындырууну көздөйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков